Бишкек-Ош жолу ачылып, эки тараптан тең кыймыл калыбына келди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Айбек Сатыбалдиев “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, жол жеңил жана оор жүк ташуучу унааларга да ачык.
- Жол ачылды. Кечээ саат 21:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген болчу. Кар улам тазаланып жатат. Бирок Ала-Белде бороон-чапкын, бурганак болуп жолду көрсөтпөй жатат.
13-октябрдын кечинде Бишкек-Ош жолу убактылуу бир тарапка жабылган. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жол тыгыны пайда болуп, 200дөй машина токтоп турганы айтылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жайкы дөңгөлөк менен алыс жолго чыкпоону эскертип жатышат.
Буга чейин “Кыргызгидромет” борбору Кыргызстандын бир катар аймактарында, тоолордо жаан, кар жаай турганын билдирген. (КЕ)