Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Кыргызстан менен ЕАЭБдин ортосундагы сооданын көлөмү азайды


Кыргызстандагы мөмө-жемиш, жашылча базары. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандагы мөмө-жемиш, жашылча базары. Архивдик сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2018-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттер менен соодасы 1,5 миллиард долларды түздү.

Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 пайызга төмөн. Ошол эле маалда экспорт 5,2 пайызга өсүп, импорт 6,2 пайызга азайган.

ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен өз ара соода-сатыктагы эң көп үлүш Орусияга (66,5%) тиешелүү. Андан кийин 31,8 пайыз менен Казакстан турат.

Орусия менен Казакстан Кыргызстандын товарларын өткөрбөй, артка кайтарган учурлары да бир топ кездешет. (NT)

XS
SM
MD
LG