Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Депутаттар Кызыл-Кыя аэропортун ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашат


Кыргызстан. Баткендеги аэропорт.
Кыргызстан. Баткендеги аэропорт.

Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети бүгүн, 15-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда көчмө жыйын өткөрүшөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, көчмө жыйын учурунда Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорттун абалы, аны кайра ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланат.

Учурда Кыргызстанда он бир аба майданы бар. Алардын жетөө учактарды кабыл алат.

Ошол эле учурда Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатынан, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Европанын "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети азырынча оң натыйжа бере элек.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети аэропорттон тышкары Ноокат жана Кадамжай райондорундагы жол курулуштары менен таанышып, айрым социалдык мекемелердин абалын да көрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG