Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:15

Евробиримдик химиялык курал колдонгондорго каршы жобону жактырды


Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун Гаагадагы баш кеңсеси.

Тышкы иштер министрлери 15-октябрда жактырган санкциялык режимге ылайык, Евробиримдик мындан ары химиялык курал жасап, колдонгон адамдарды алардын жарандыгына, жашаган жерине карабай жазалай алат. Бул үчүн алардын активдерин тоңдуруу, Евробиримдиктин аймагына келишине тыюу салуу өңдүү чаралар колдонулат.

Химиялык куралды жасаган жана аны колдонгон ишканалар менен адамдардын кара тизмеси түзүлүп, Евробиримдик өлкөлөрүнүн жарандары менен компанияларынын алар менен иштешүүсүнө тыюу салынат.

Сирияда президент Асаддын режими бир нече ирет химиялык курал колдонгону кабарланып, Британияда орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль кызы экөө ууландырылган соң ушундай чара көрүлүүдө.

Скрипалдардын ууландырылышы үчүн британ өкмөтү орус бийлигин, атап айтканда Орусиянын башкы аскердик чалгын кызматын - мурдагы ГРУну айыптаган. Москва болсо бул ууландырууга катышы бар экенин такай төгүндөп келатат.

18-октябрда Брюсселде Евробиримдиктин кезектеги саммити өткөнү турат. Анда киберчабуулдарга каршы жооп чара катары дагы бир санкциялык режимди түзүү маселеси да талкууланышы күтүлүүдө.

Ушул айдын башында Нидерланд менен Британиянын бийлик өкүлдөрү Орусияны жана анын чалгын агенттерин "Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун компьютерлик түйүндөрүн бузууга аракеттенди" деп айыптаган. Алар сөз кылган окуя быйыл апрель айында болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG