Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:58

Ооган-Пакистан чек арасындагы башкы бекет кайрадан жабылды


Чамман-Спин Болдак көзөмөл-өткөрмө бекетинин Пакистан тараптан көрүнүшү.
Чамман-Спин Болдак көзөмөл-өткөрмө бекетинин Пакистан тараптан көрүнүшү.

Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы башкы көзөмөл-өткөрмө бекет 15-октябрда да жабык бойдон калгандыктан эки тарапта тең жүздөгөн адамдар, унаалар топтолду.

Чамман-Спин Болдак көзөмөл-өткөрмө бекети 14-октябрда Ооганстан менен Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн бир нече саатка созулган ок атышууларынан соң жабылган. Бул үчүн эки тарап бирин бири айыпташты.

Кагылышуу ооган жоокерлери талаштуу чек арада дубал орнотууга киришкен пакистандык аскерлерге ок ачкандан кийин башталган. Ооган медиасынын маалыматтарына караганда, атышуудан Пакистан тарап кеминде үч аскерин жоготкон. Бирок Пакистандын чек ара күчтөрүнүн өкүлү бул маалыматты четке какты.

Пакистан тараптын айтымында, алар чек арада дубалды коопсуздук кырдаалын жакшыртуу үчүн тургузууда. Бирок Кабул Исламабаддын мындай кадамын айыптаган. (UE)

XS
SM
MD
LG