Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Шаардык сот Исаковдун жакындарынын батири боюнча арызды карайт


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жакындарынын батирине байланышкан арыз каралат.

Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" билдирди. Токтакунов буга чейин Биринчи май райондук соту Исаковдун үй-бүлөсү жашап турган үйдү баалоого санкция бергенин айтып, буга макул болбой шаардык сотко даттанган. Анын айтымында, турак жай Сапар Исаковдун кайын-журтуна таандык.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков быйыл 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Исаковдун камактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылган. (NT)

XS
SM
MD
LG