Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Казакстан: жихад боюнча айыпталган эки киши сотко бойкот жарыялады


Алмат Жумагулов жана Оралбек Омыров 15-откябрдагы сотто. Алматы.
Алмат Жумагулов жана Оралбек Омыров 15-откябрдагы сотто. Алматы.

Казакстанда террорчулукка үгүттөө жана куралдуу жихадга чакыруу боюнча айыпталып, он айдан бери абакта жаткан үч кишинин экөө - Алмат Жумагулов​ менен Оралбек Омыров 15-октябрдагы жараянда прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, сотко бойкот жарыялады. Алар ооздорун скотч менен чаптап алышты.

Алар абакта укуктары бузулуп жатканы тууралуу жазган арызга прокурор көңүл бурбаганын билдирип жатышат. Үчүнчү айыпталуучу Кенжебек Абишев да саламаттыгы начарлап кеткенин айтып, соттон бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүндү. Мамлекеттик айыптоо тарап буга каршы чыгып, ишенбестик көрсөтүү негизсиз экенин айтты.

Куралдуу жихад чакырыгына айтыпталган үч киши тең динге өтө берилбегенин билдирип, айыптоолорду четке кагып келишет. Бир катар казакстандык укук коргоо уюмдары Абишев менен Жумагуловду "саясий туткун" деп аташкан. Казак бийлиги буга комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG