Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Тажикстанда журналист доого жыгылды


Хайрулло Мирсаидов.
Хайрулло Мирсаидов.

Тажикстанда журналист Хайрулло Мирсаидов 15-декабрга чейин 80 миң сомони (8,5 миң доллар) айыппул төлөшү керек. Хожент шаарынын соту 15-октябрда Мирсаидовдун айыппул төлөө мөөнөтүн эки айга узартты.

Жабык өткөн сот отуруму учурунда журналист айыппул төлөө мөөнөтүн апрелдин ортосуна чейин узартууну сураганын билдирди. Эгер Хайрулло Мирсаидов 15-декабрга чейин 80 миң сомони айыппул төлөбөсө, кайра камалат.

Хожент шаардык соту Мирсаидовду "мамлекеттик каражатты кымырып алган, максатсыз пайдаланган жана жалаа жапкан" деп айыптап, быйыл 11-июлда 12 жылга түрмөгө кескен. Сот чечиминен кийин Мирсаидовдун үй-бүлөсү мамлекеттин пайдасына 124 миң сомони компенсация төлөгөн. Андан соң анын адвокаттары журналисттин ишин кайра кароо өтүнүчү менен жогорку инстанциядагы сотко кайрылышкан.

22-августта Согди облусунун соту мурдагы чечимди жокко чыгарып, анын ордуна журналистти коомдук ишке тартууну жана ага 80 миң сомони (8,5 миң доллар) өлчөмүндөгү айыппул салууну чечкен. Натыйжада Мирсаидов сот залынан бошотулган.

Мирсаидов былтыр декабрда кармалган. Ал күнөөсү жоктугун, бул иш өкмөттөгү паракорлуктун бетин ачкан репортаждары менен байланыштуу экенин айткан.

XS
SM
MD
LG