Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Түркияда “алдандык” дегендердин айлыгы бир жума ичинде төлөнүп берилет


Бишкек. Түркиянын элчилигине кезек күткөндөр.
Бишкек. Түркиянын элчилигине кезек күткөндөр.

"Түркиянын Анталия шаарына иштегени барып алдандык” деген кыргызстандыктардын айлык акысы учак билети менен кошо ушул аптанын ичинде колуна берилет. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Авангард” мейманканасынын администрациясы 16-октябрда билдирди.

Мейманкананын жетекчилиги: “Биз жумушчуларыбызды көчөгө кууп чыккан жокпуз. Жатаканасы, тамагы бар. Бул жума билеттерин жана айлык акысын беребиз. Мурунку алынган билеттер жараксыз болгонун биз да жаңы билдик. Анткени “Пегасус” фирмасында жаңылыштык кетиптир” деп жатат.

15-октябрда Анталиянын Гөйнүк аймагындагы мейманканага иштегени барган 17 кыргызстандык айлык акысын ала албай жатканын билдиришкен. Алар ал жакка Бишкектеги "Фиеста" жеке менчик агенттиги аркылуу барган жана сезон бүткөндүктөн кайра Кыргызстанга кайтмакчы болгон. Бирок Анталиянын аэропортунда билеттер жараксыз болуп чыккан.

"Фиеста" агенттиги алар жиберген кыргызстандыктар келишимге ылайык сезон бүткөнгө чейин иштеши керек болгонун билдирди.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу окуя боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

Расмий статистика боюнча, Түркияда 20 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда. Расмий эмес маалымат боюнча, туристтик сезондо Кыргызстандан Анталия шаарына 10 миңден ашуун кыргыз жараны барып иштеп жатат. (ElB)

XS
SM
MD
LG