Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

АКШда бюджет таңкыстыгы 779 млрд. долларга жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттар быйылкы каржы жылын 779 миллиард долларлык таңкыстык менен жыйынтыктады. Бул 6 жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Таңкыстыктын себептери салыкты төмөндөтүүдөн улам кирешенин азайышы, аскер чыгымдарынын көбөйүшү менен түшүндүрүлдү.

Республикачы конгрессмендер жана президент Дональд Трамп "салыктын азайтылышы жакын арада экономикалык өсүшкө жеткирет, жаңы жумуш орундары ачылат" деп жатышат.

Бюджеттеги таңкыстыктын көбөйүшү мамлекеттик карыздын төлөмдөрү өскөнүнө да байланыштуу. Ушул тапта Кошмо Штаттардын карызы 21 триллион доллардан ашты.

АКШ жыл сайын 30-сентябрда каржы жылын жыйынтыктайт. Бул Дональд Трамптын президент катары бийликте тургандагы биринчи толук каржы жылы.

XS
SM
MD
LG