Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Сауд Арабиясы Хашоггинин өлүмүн моюнга алаары кабарланууда


Хашогги консулдукка кирип бараткан учур.
Хашогги консулдукка кирип бараткан учур.

Сауд Арабиясынын бийлиги журналист Жамал Хашогги сурак учурунда өлгөнүн жарыялоого камынып жатканы кабарланууда. Бул тууралуу адегенде CNN телеканалы, андан соң эки маалымат булагына таянып "Reuters" агенттиги билдирди.

Булактардын бири баяндама даярдалып жатканын, анын мазмуну өзгөрүшү ыктымал экенин айтып берген. Экинчи булак баяндамада "сурак уруксатсыз жүргүзүлгөнү, жооптуулар жазага тартылары" жөнүндө сөздөр камтылышы мүмкүн экенин айтат.

Акыркы жылдары саудит бийлигин сындап жүргөн журналист Жамал Хашогги 2-октябрдан бери дайынсыз. Ал Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугуна кирген боюнча чыккан эмес. Түркиянын атайын кызматтары "Хашогги өлтүрүлгөн" деп билдирүүдө.

Журналисттен дайын чыкпай жатканына байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 16-октябрда Эр-Риядга келди. Сауд Арабиясынын падышасы Хашоггинин жоголушуна тиешеси жоктугун билдирип жүрөт.

XS
SM
MD
LG