Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Чылым чегүүнү чектеген мыйзам долбоору даярдалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте тамекинин ден соолукка зыяны тууралуу маселени талкуулаган жыйын өтүп жатат. Анда маалым болгондой, учурда Жогорку Кеңеште чылым чегүүнү тыюу боюнча мыйзамга толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш каралууда.

Мыйзам долбоорунун автору, КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаеванын айтымында, насыбайды, электрондук чылымды жана кальянды тыюу жагы каралууда. Ошону менен катар балдар ойногон ачык жана жабылуу аянтчаларда, коомдук транспортто, эс алуучу жайларда, суу жээктеринде, маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү, эл көп чогулуучу жерлерде тамекиге толук тыюу салуу сунушталып жатат.

Адистер Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулар жалпы адам өлүмүнүн 40 пайыздан ашуунуна себеп болуп жатканын белгилешет. (BCh)

XS
SM
MD
LG