Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Ош: Музыкалык окуу жайында өрт чыгып, кымбат аспаптар күйүп кетти


Окуу жайынын ичи өрттөн кийин.
Окуу жайынын ичи өрттөн кийин.

Ош шаарындагы Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, шаршембиге караган түнү тутанган өрттү өрт-куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери эки саатка жакын убакытта өчүрүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты күйүп кетти.

Окуу жайынын чоң залы толугу менен, андагы кымбат баалуу музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бул музыкалык окуу жайы 1963-жылы ачылган. Анда ушу тапта эки жүздөй студент окуйт. (MdN)

XS
SM
MD
LG