Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Бишкекте мектептеги өкүмзордуктун алдын алуу маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн, 17-октябрда шаардагы мектеп директорлорунун кеңешмеси өтөт. №25 мектепте боло турган жыйынга директорлордон тышкары билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор катышат.

Анда жалпы билим берүү мекемелериндеги эреже бузуу, рэкет, калайман мушташ, үстөмдүк, өкүмзордуктун алдын алуу талкууга алынат.

Бул маселелер 12-октябрда №47 мектептин 8-классынын окуучусу ур-токмокко кабылып, ооруканага түшкөндөн кийин күн тартибине чыкты. Териштирүүдө ал бала дүкөнгө баратып жолдо турган 9-класстын окуучусуна ийини тийип кеткендиктен таяк жегенин айтып берген.

Ленин райондук милициясы бул окуяга байланыштуу “Бейбаштык” жана “Опузалоо” беренелери менен кылмыш ишин козгоду. (NT)

XS
SM
MD
LG