Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Германияда аялды барымтага алган адам сириялык болуп чыкты


Барымтага алынган аялды бошотуу операциясы. Германия, Көлн. 15-октябрь, 2018-жыл.
Барымтага алынган аялды бошотуу операциясы. Германия, Көлн. 15-октябрь, 2018-жыл.

Германия полициясы Көлн шаарында аялды барымтага алган адамдын аты-жөнүн аныктады. Ал 55 жаштагы Сирия жараны болуп чыкканын "Deutsche Welle" кабарлады.

Тергөөнүн маалыматына караганда, сириялык жаран Германияда качкын макамы менен 2015-жылдан бери жашап келатат. Ал 2021-жылга чейин өлкөдө жашап турууга уруксаты бар. Буга чейин баңгизат алып сатуу, уурулук, коркутуп-үркүтүү, алдамчылык жана үйлөргө мыйзамсыз бастырып киргени үчүн 13 жолу полицияга түшкөн.

Полициянын маалыматында ал психологиялык жактан жабыркагандыктан ишке орношо албай келгени, Германияда аны менен бир тууганы жана баласы чогуу жашай турганы, аялы Сирияда экени айтылат. Башында немис бийлиги аны өлкөгө киргизүүдөн эки жолу баш тартканы да белгилүү болду.

Полиция сириялыктын кылмыш мотивдерин аныктоону улантып, өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топ менен анын байланышы болгон-болбогонун иликтеп жатат.

Окуя 15-октябрда болгон. Сириялык жаран дарыканага кирип, аялды туткунга алган. Ал барымтадагы аялды жана өзүн өрттөй турганын айтып коркуткан. Полициянын барымтадагы аялды бошотуу операциясында сириялык жарадар болуп, азыр ооруканада жатат. Анын абалы тууралуу кабар бериле элек. Барымтага алынган аял жеңил жараат алган.

XS
SM
MD
LG