Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Сапар Исаковдун кайын атасынын үй мүлкүн текшерүүгө уруксат берилди


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун кайын атасынын үй мүлкүн текшерүүгө уруксат берди. Мындай чечим шейшембинин кечинде чыкканын бүгүн “Азаттык” радиосуна Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Токтакунов сот айыптоочу тарап отурумга катышпаса деле ошолордун өтүнүчүн канааттандырып койгонуна нааразы болууда:

- Сот башкача чечим чыгарышы керек болчу. Алар өзүлөрү келип жүйөсүн айтып бербесе деле ошолорду колдоду. Демек, бул саясий буюртма. Анткени саат 9:00дө баштады, "тергөөчүнү 16:00гө чакырабыз" деп жылдырды. Тергөөчү баары бир келген жок.

Токтакунов Исаковдун кайын атасы анын үй мүлкүнө күйөө баласынын тиешеси жок экенин тастыктаган документтерди көрсөткөнүн айтууда. Ишти караган судья Адис Момуналиев сөз үйдү тартып алуу эмес, анын наркын баалоо тууралуу гана болуп жатканын билдирди.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) реконструкциялаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайына байланыштуу УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш ишин УКМК козгоп, тергеп жатат. Аталган мекеме Токтакуновдун айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек. (KE)

XS
SM
MD
LG