Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Судьяларды көбөйтүүгө 185 млн. сом бөлүнгөнү жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-январдан тартып Кыргызстанда жергиликтүү судьялардын санын 56 адамга көбөйтүү каралууда. Себеби өлкөнүн Кылмыш-процессуалдык кодексинин жаңы редакциясына ылайык сот системасында «тергөө судьясы» деген институт пайда болот.

Бүгүн бул маселе парламенттин жалпы жыйынында талкууланып, мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Сот департаментинин башчысы Рустам Ибраимовдун айтымында, тергөө судьясы шаардык жана райондук соттордо болот, ал кылмышка шектүүнүн же айыпталуучунун бөгөт чарасын аныктайт, тергөөнүн чечимдерин көзөмөлдөйт.

56 жаӊы штат бирдигин ачуу тууралуу чечимди Судьялар кеӊеши кабыл алган. Ал үчүн бюджеттен 185 млн. сом өлчөмүндө кошумча каражат талап кылынат. Бул сумма 2019-жылдын бюджетинин долбоорунда каралды. (RK)

XS
SM
MD
LG