Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

АКШнын аба соккусунан Сомалиде алтымыштай согушкер жок кылынды


Сомалинин борбору Могадишодо жарылуудан кийинки көрүнүш. 7-июль, 2018-жыл.
Сомалинин борбору Могадишодо жарылуудан кийинки көрүнүш. 7-июль, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын армиясынын Африка командачылыгы билдиргендей, Сомалинин Мудуг провинциясында “ал-Шабааб” тобунун согушкерлери көзөмөлдөгөн аймаккка абадан “так жана даана” сокку урулду. Командачылыктын билдирүүсүндө белгиленгендей, кырдаалга аба соккусунан кийин баа берүү андан 60тай согушкер мерт болгонун көргөзгөн.

Жайкын тургундар арасында чыгым же жабыр тарткандар болгон эмес.

Быйыл 12-октябрда абадан урулган соккулар АКШнын Сомалиде “ал- Шабааб” тобуна каршы 2017-жылдын 21-ноябрынан берки эң ири аба чабуулу болду. Анда “ал-Каидага” байланышы бар бул уюмдун лагерине абадан бомба ташталганда 100дөй согушкер мерт болгон. “Ал-Шабааб” азырынча АКШнын соңку аба чабуулуна комментарий бере элек.

“Associated Press” агенттигинин маалыматына караганда, Сомалиде быйыл эле абадан жыйырмадай сокку урулду, мунун ичинде дрондор да колдонулду.

Ал эми “ал-Шабааб” тобу Сомалиде айыл аймактарынын ири бөлүгүн көзөмөлдөө менен Улуттар Уюму колдогон өкмөттү кулатууга убада берип жүрөт. Өлкөдө азыр БУУнун мандаты астында Африка Биримдигинин 20 миңдей аскери турат. (UE)

XS
SM
MD
LG