Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Украинанын чыгышындагы атышууларда беш киши мерт болду


Президент Петро Порошенко Украинадагы эл аралык аскерий машыгууга күбө болгон учур. 11-октябрь, 2018-жыл.
Президент Петро Порошенко Украинадагы эл аралык аскерий машыгууга күбө болгон учур. 11-октябрь, 2018-жыл.

Украиннын Коргоо министрлигинин 17-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, Орусия колдогон жикчилдер акыркы 24 саат ичинде ок атышууну токтотуу режимин 19 жолу бузушту.

Ал эми атышууларда украин тарап эки аскерин жоготуп, бирөө жаракат алды. Ошол учурда өкмөттүк күчтөр жикчил согушкерлердин үчөөн өлтүрүп, экөөн жарадар кылышкан.

Өз кезегинде Орусия колдогон жикчилдер Украинанын өкмөттүк күчтөрү да ок атышууну токтотуу режимин 27 жолу бузду деп ырастоодо.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинде куралдуу жаңжал тутангандан бери 10 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG