Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Азия оюндарында ийгиликке жеткен спортчуларга мамлекеттик сыйлыктар берилди


Президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Юлия Маслова менен. 17-октябрь, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Юлия Маслова менен. 17-октябрь, 2018-жыл.

Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында байге уткан беш спортчу “Даңк” медалы менен сыйланды. Алар - Айсулуу Тыныбекова, Төрөкан Багынбай уулу, Каныбек Жолчубеков, Магомед Мусаев жана Дарья Маслова. Атлеттерге сыйлыкты президент Сооронбай Жээнбеков тапшырды.

“Даңк” медалынан сырткары Азиаданын алтын жана күмүш байгелерин уткан Дарья Маслова 2 миллион сом акчалай сыйлык алды. Дагы бир алтын байгенин ээси Төрөкан Багынбай уулу жана Айсулуу Тыныбекова 1 250 000 сомдон, күмүш байге уткан балбандар Магомед Мусаев, Каныбек Жолчубеков жана Акжол Махумдов 750 000 сомдук сыйлыктарга ээ болушту. Коло байге ээлерине 500 000 сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Бир катар машыктыруучулар жана спорт ишмерлери “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” наамына ээ болушту.

XVIII Жайкы Азия оюндары 18-августан 2-сентябрга чейин, Индонезиянын Жакарта жана Плембанг шаарларында өттү. Мында Азиянын 45 өлкөсүнөн келген 11 миңден ашуун спортчулар күч сынашты.

Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу Азиаданын 20 медалына ээ болуп жатат. Анын экөө алтын, алтоо күмүш, 12си коло медалдар. Алтын байгелерди жеңил атлет Дарья Маслова менен жиу-житсу балбаны Төрөкан Багынбай уулу уткан. (GT)

XS
SM
MD
LG