Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:53

Палестин автономиясы БУУда “жетимиш жети” тобун башкармай болду


БУУнун Башкы ассамблеясындагы добуш берүү. 16-октябрь, 2018-жыл.
БУУнун Башкы ассамблеясындагы добуш берүү. 16-октябрь, 2018-жыл.

Палестин автономиясы өнүгүп келаткан 77 өлкөнүн тобуна Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагында 2019-жылдан тартып төрагалык кылат. Башкы Ассамблеядагы добуш берүүдө бул сунушту 146 өлкө колдоду. АКШ, Израил, Австралия мындай чечимге каршы добуш беришти, 15 мамлекет ортодо калды, 29 өлкө добуш берүүгө катышкан жок.

“Биз палестиндердин Израил менен тике сүйлөшүү алкагынан тышкары өз макамын бекемдөө аракеттерин колдой албайбыз”, - деди АКШнын Улуттар Уюмундагы элчисинин орун басары Жонатан Коэн Башкы ассамблеяда Вашингтондун турумун түшүндүрүп.

Буга чейин 2012-жылы БУУда Палестин автономиясынын макамы өзгөртүлүп, ал “мүчөлүгү жок байкоочу өлкө” катары таанылган.

Анда Башкы ассамблеясынын кароосуна коюлган резолюцияны добуш берүү учурунда 138 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да колдогон. Тогуз мамлекет: АКШ, Канада, Израил, Чехия, Панама, Маршалл аралдары, Микронезия, Науру жана Палау каршы чыккан, 41 өлкө ортодо калган. (UE)

XS
SM
MD
LG