Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

УКМК: Сапар Исаковдун адвокаты элдин пикирин башка нукка бурууда


Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сапар Исаковдун адвокаты элге туура эмес маалымат берип жатат деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

- Токтакунов "УКМК сот аркылуу Сапар Исаковдун жакын туугандарынын мүлкүн камакка алып, конфискациялаганы жатат" деп коомчулуктун пикирин башка нукка буруу аракетин көрүүдө. Кылмыш ишинин алкагында жоопко тартылып жаткан адамдардын мыйзамсыз байыганы боюнча версия да текшерилип жатат. Бул үчүн Токтакунов коргогон адамдын гана эмес, кылмыш ишинин башка фигуранттарынын да кыймылсыз мүлкү соттун уруксаты менен каралып чыгат.

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун кайнатасынын үй мүлкүн баалаш үчүн текшерүүгө уруксат берди. Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов сот алардын жүйөсүн укпастан УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн ал жараянга катышпаса деле канааттандырып койгонун билдирген жана муну "саясий буюртма" деп атаган.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) реконструкциялаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайына байланыштуу УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш ишин УКМК козгоп, тергеп жатат. (KE)

XS
SM
MD
LG