Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Крымдын Керч шаарындагы коллежде жардыруучу зат жарылган


Керч, Крым, Украина. 17-октябрь, 2018-жыл.
Керч, Крым, Украина. 17-октябрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу Орусиянын Террорго каршы улуттук борбору билдирүүдө. Жарылуу бүгүн Орусия Украинадан 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын чыгыш бөлүгүндөгү Керч шаарында, Политехникалык коллеждин имаратында, кафетерийде болгон.

Андан алынган баштапкы маалыматтарга караганда, кеминде он адам өлдү деп эсептелип жатат. Дагы ондогон киши жарадар болгон. Мамлекеттик ТАСС маалымат агенттиги күз түзүмдөрүндөгү булактарына шилетеме кылып, жарадарлардын саны 70ке жетерин кабарлады.

Баштапкы маалыматтарда Керчтеги политехникалык коллежде газ түтүгү жарылганы айтылган. Орусиянын Тергөө комитетети жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду. Росгвардиянын башчысынын орун басары Сергей Меликов окуяны “терракт” деп атады. (UE)

XS
SM
MD
LG