Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:02

Тажикстанда банктар карызкордун мүлкүн сотсуз алуу укугуна ээ болот


Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасы Жамшед Нурмухаммадзода.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, өлкөнүн парламенти 17-октябрда “Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алды. Ага ылайык, эми Тажикстандын банктары менен насыя мекемелери карызкордун мүлкүн сотсуз эле алып, сатыкка коюу укугуна ээ болот.

Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасы Жамшед Нурмухаммадзоданын айтымында, мындан ары карызкорлордун мүлкүнүн тизмеси Интернетте электрондук базага жайгаштырылып, аны сатуунун жол-жобосу да жөнөкөйлөшөт.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын спикери Шукурджон Зухуров болсо мыйзамга киргизилген түзөтүүлөр Тажикстандын банк чөйрөсүндө эки жылдан бери уланып жаткан кризисти жөнгө салууга салым кошот деп ишенерин билдирди.

2015-жылдан бери Тажикстандын айрым банктары каржылык каатчылыкка кабылып, аманатчыларына карыздарын төлөй албай келатышат. (UE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG