Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугусуз коргой албайт


Кыргызстандык журналисттер басма сөз жыйындардын биринде. Апрель, 2017-жыл.
Кыргызстандык журналисттер басма сөз жыйындардын биринде. Апрель, 2017-жыл.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы "башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугусуз коргой албайт" деген чечим кабыл алды.

Бул тууралуу Медиа Полиси институту билдирди. Маалыматка караганда, Констуциялык палата 17-октябрда аталган институт менен "Адилет" укук клиникасынын "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 4-беренесин мыйзамсыз деп табуу тууралуу арызын карап, ушундай чечимге келди. Ага ылайык, "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 4-беренеси Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп табылды. Өкмөткө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш берилди.

Былтыр мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева аталган мыйзамга таянуу менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргош үчүн "Заноза" сайтынын журналисттерине, укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы сотко кайрылып, миллиондогон сом доо өндүрүүнү суранган.

Бардык инстанциялар бул өтүнүчтү толук канааттандырган. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев материалдык доодон баш тартканын кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG