Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Коомдук уюм “Азия Ньюс” гезити боюнча сот чечимин сындады


Кыргызстандагы гезиттер.
Кыргызстандагы гезиттер.

Сөз эркиндигин коргоо комитети “Азия Ньюс” гезитин саясатчы Акматбек Келдибековго 2 миллион сом кенемте төлөөгө милдеттендирген Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимин сындады. Бул тууралуу комитет 18-октябрда тараткан билдирүүдө айтылат. Комитет соттун чечимин "учурдагы бийликтин сөз эркиндигин демократиялык башкаруунун бир бөлүгү катары жарыялаган саясатына каршы диверсия" деп атады.

“Бул прецедентти гезитти кыйынчылыкка кептеп, жаптыруу аракети катары кароого болот. Бул болсо сөз эркиндигине ачык басым. Мындай рецидив мурдагы президенттин башкаруу ыкмасы уланып жатканы боюнча баарыбызга эскертүү. Ал эми соттор мындай начар практиканын аткаруучусу болууда” деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле комитет “Азия Ньюс” боюнча чечим кабыл алган Октябрь райондук сотунун судьяларына карата Соттор кеңешине арыз жазарын кошумчалады. Ал эми Бишкек шаардык сотун бул ишти бейтарап кароого чакырды.

Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акматбек Келдибековдун арызынын негизинде “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди ага 2 миллион сом төлөөгө милдеттендиргени белгилүү болгон. Анда Келдибеков гезитте басылган айрым маалыматтар “кадыр-баркыма шек келтирди” деп, "Азия Ньюска" каршы эки арыз жазган. Экөө тең анын анын пайдасына чечилип, "ар бирине миллион сомдон, жалпысынан эки миллион сом төлөнсүн" деген чечим чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG