Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Коррупция тууралуу айтып чыккан кызматкерди кайра ишке алышты


Анара Мамбеталиеванын нааразылык акциясы.
Анара Мамбеталиеванын нааразылык акциясы.

Экотехинспекциядагы жемкорлук тууралуу айтып чыккандан кийин иштен алынган кызматкер кайра ордуна бармай болду. Анара Мамбеталиева “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, аны жумушка чакырып, 19-октябрда ишке чыгуу тууралуу буйрук менен тааныштырышты.

Мамбеталиева өз билдирүүсүндө коррупцияга шектүү катары үч адамдын атын атаганын, азырынча алар боюнча кандай чечим кабыл алынганы тууралуу кабары жок экенин айтууда:

- Алар тууралуу азырынча маалыматым жок. Мени чакырып, ишке кайра алып жатышканын гана айтышты. Алар боюнча жумушка чыккандан кийин маалымдасам керек.

Быйыл август айында Мамбеталиева “Фейсбуктагы” баракчасында видео аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мекемедеги коррупцияга аралашкан кишилердин ишин иликтөөгө алууну өтүнгөн. Ал коррупцияга тиешеси бар деп Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков, кадр бөлүмүн жетектеген Самат Керимкулов жана Финансы башкармалыгынын жетекчиси Гүлкайыр Жумашеванын атын атаган. Өзүнүн өмүрүнө жана үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп жатканын айтып, мамлекет башчыдан коргоосун өтүнгөн.

Президенттин тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Мамбеталиева менен жолугушуп, айткан фактылар кылдат иликтенерин белгилеген.

3-октябрда атайын комиссия өз корутундусун жарыялап, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айрым мыйзамсыз иштери аныкталганын, Мамбеталиева кызматтан мыйзамсыз алынганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG