Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Милиция ардагерлери: Матраимов “келемишти” өз айланасынан издесин


Искендер Матаримов.
Искендер Матаримов.

Милицияда иштеген ардагерлер Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимовго жооп кайтарып, “келемиштерди өз айланасынан издесин” дешти.

Ички иштер министрлигинин расмий сайтына бүгүн жарыяланган кайрылууда алар “Матраимов 16-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде сүйлөп жатып "ИИМде жана Финансы министрлигинде “келемиштер” отурат” деп айтканын, жогорку трибунадан айтылган мындай сөз “кемсинтүү жана басынтуу” экенин белгилешти.

“Урматтуу депутат Искендер Матраимов, “келемиштерди” сиз жакшы тааныган, мурда көп акча табаарын жашырбай айтып жүргөн белгилүү адамдар иштеген башка мекемелерден издеп көрсөңүз болмок” деп айтылат ардагер милиционерлердин кайрылуусунда.

Ошону менен катар алар Ички иштер министрлиги коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргүзүп жаткан мекеме экенин белгилешти.

Матраимов өзү бул кайрылууга комментарий берип, "жети жылдан бери "Коопсуз шаар" ишке ашпай жатат. Мен ошол долбоорго тоскоолдук кылып жаткан комиссия мүчөлөрүн гана айткам. Бүт ИИМ жөнүндө сөз болгон жок" деп "Азаттыкка" билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG