Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Өзгөн районунун аймагында атайын катылган жайдан РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы, 2 тротил шашкасы, Калашников автоматынын 17 огу, колдо жасалган ок атуучу курал, ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды.
Милиция бул куралдар "террордук иш-аракеттер үчүн даярдалган" деп маалымдады. Аларды Өзгөн шаарынын тургундары, 39 жана 43 жаштагы ага-ини катканы аныкталган. Маалыматка караганда, алар 2010-жылы Ош окуясында экстремисттик жана сепаратисттик маанайдагы адамдардын алдыңкы катарында болушкан.
Милиция тараткан маалыматта алар өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук уюмдун жигердүү мүчөсү Сиражиддин Мухтаров ( каймана аты “Абусалох”) менен тыгыз байланышта болгону белгиленет. Сөз болуп жаткан жарандар Сирияда согуштук аракеттерге катышканы, ага-инилердин бири ал жактагы топтордун биринин лидери экени жазылган. Азыр шектүүлөргө издөө жарыяланды.
Табылган курал, ок-дары боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө уланып жатканы кабарланды. (MdN)