Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

УКМК: Илмияновго издөө жарыяланды


Икрамжан Илмиянов "Манас" орденин алып жаткан учур.
Икрамжан Илмиянов "Манас" орденин алып жаткан учур.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланганын ырастады. Бул тууралуу аталган комитет атайын билдирүү таратты.

Анда Илмиянов 2018-жылы июнь айында өлкөдөн чыгып кеткен бойдон азыр кайда жүргөнү белгисиз экени айтылат. УКМК ыкчам издөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады. Бирок мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов Илмияновго карата кайсы берене менен айып коюлганын ачык айта элек.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Икрамжан Илмияновду камакка алуу боюнча сыртынан чечим чыгарганын жарыялаган.

Икрамжан Илмиянов мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде алгач анын кеңешчиси, андан кийин президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген. Учурда ал КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.

Анын аты Кыргызстандагы көптөгөн чуулгандуу окуяларга байланыштуу айтылып келет. Айрым маалымат каражаттары Илмиянов Атамбаевдин тегерегиндеги эң таасирдүү адам экенин, түрдүү мамлекеттик органдардын жана жеке менчик компаниялардын ишине кийлигишкенин жазышкан. Ал өзү мындай дооматтарды четке кагып жүрөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG