Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:20

"Түштүк Кореяга ишке орноштурам" деп ар кимди алдаган киши кармалганы кабарланды


Кылмышка шектүүнүн фотосүрөтү.
Кылмышка шектүүнүн фотосүрөтү.

"Түштүк Кореяга жумушка орноштурам" деп алдап, ар кимден акча алып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, Сокулук райондук милициясына отуз адам арыз менен кайрылган. Алар былтыр күзүндө П.В. аттуу адам "Түштүк Кореядан жумуш таап берем" деп 1500 доллардан 4000 миң долларга чейин акча алып качып кеткенин жазышкан.

Бул арызды териштирүү маалында арызда көрсөтүлгөн Өзбекстандын жаранын 2017-жылы июль айында эле алдамчылылык үчүн Бишкек шаардык соту сегиз жылга эркинен ажыратканы аныкталган. Сот чечимине ылайык, соттолуучу жазасын жатак абакта өтөшү керек болчу. Бирок ал жатак абактын шарттарын аткарбай, укук коргоо органдарынан качып жүргөнү белгилүү болгон.

Иш боюнча ыкчам издөө иштери башталып, кылмышка шектүү Казакстандын аймагынан быйыл февралда кармалды. Жакында ал Кыргызстанга өткөрүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесине ылайык 31 эпизод боюнча айып тагылды. (BkA)

XS
SM
MD
LG