Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

Чолпон-Атанын мэри болуп Талант Сарбагышев шайланды


Талант Сарбагышев.
Талант Сарбагышев.

Талант Сарбагышев Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланды. Бүгүн, 19-октябрда өткөн шайлоодо анын талапкерлиги үчүн шаардык кеңештеги 20 депутаттын 12си добуш берди. Бир депутат шайлоого катышкан жок.

Чолпон-Ата шаардык кеңешинде КСДП, “Улуу Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Табылга” жана “Республика” фракциялары бар. Сарбагышевдин талапкерлигин шаардык кеңештеги "Табылга" жана "Республика" фракциялары көрсөткөн.

42 жаштагы Талант Сарбагышев - кесиби боюнча милиция кызматкери. Ал Бишкек шаарындагы милиция мектебинде билим алган. 1997-жылдан 2018-жылга чейин ИИМ системасында иштеген. Акыркы жолу ИИМдин Кылмыш издөө башкы башкармалыгында улук ыкчам кызматкер катары иштеп келген. 2017-жылдын январь айында Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Чолпон-Ата шаарынын мурунку мэри Карыбек Саралаевди шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөө жолу менен жумуштан кетирген. (AsM)

XS
SM
MD
LG