Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:01

Каспийде "химиялык затка ууланган" иран суучулдары куткарылды


Каспий деңизинин жээги. Баку. 14-январь, 2012-жыл.

Азербайжандагы Каспий деңизинин жээгин көзөмөлдөгөн куткаруучулар "химиялык затка уулануу белгилери байкалган" бир нече ирандык суучулдарды сактап калышканын билдиришти.

Азербайжандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Парвиз Абубекиров куткаруучулар үч суучулдун өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калышканын 19-октябрда билдирди. Дагы бир нече суучул ооруканада жатат.

Абубекировдун айтымында, жээктеги күзөт кызматы жардам сураган SOS белгисин "Наземер" аттуу жүк ташуучу кемеден алган. Кеме Каспий деңизи аркылуу Казакстандын Актау шаарынан Азербайжандын баш калаасы Бакуга буудай алып бараткан. Белги 19-октябрга караган түнү түшкөн.

Баштапкы маалыматтарга караганда, суучулдар эгинди сактоодо колдонулган химиялык затка ууланышкан.

XS
SM
MD
LG