Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:55

Каспий саясий жол менен бөлүндү


Солдон оңго Илхам Алиев, Хасан Роухани, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин, Гурбангулы Бердымухамедов.

Каспий деңизби же көлбү? Аны жээгиндеги беш өлкө кайсы статус, кайсы принцип менен бөлүшү керек? Бул маселе жыйырма жылдан ашуун чечилбей келген. Акыры мунасага келишип, 12-августта президенттер Каспийге өзгөчө статус берип, бөлүп алууну макулдашты.

Бирок ал көлбү же деңизби деген маселе кайрадан ачык калды.

22 жылдык талаш

Өткөн кылымда Каспийдин 13% Иранга, калганы СССРге карачу. Советтер Союзу ыдыраган соң жээкте беш өлкө пайда болду. Өткөн кылымдын орто чениндеги ээлик документтин мааниси жоголду.

Эч бир дүйнөлүк океанга туташпай, кургактык менен курчалып турган Каспий классикалык негизден алганда көл. Европа менен Америка аны дүйнөдөгү эң чоң көл катары тааныйт.

Бирок ал туздуу жана өтө чоң. Аны тегерегиндеги өлкөлөр жана алардын президенттери "деңиз" деп аташат.

Бул жолу да ал талашка чекит коюлбай калды. Каспийге так макам берилип көл же деңиз экени документке жазылган жок.

Каспий
Каспий

Бир караганда бул саясатчылардын эмес, географтардын талашчу маселеси өңдөнөт. Бирок кептин баары суудагы байлыкта.

Чалгын жана болжол маалыматтарга караганда Каспийдин суу алдындагы кыртышында 50 млрд. баррель мунай, үч триллион куб метрге чукул газ бар. Дүйнөлүк базардагы азыркы баа менен эсептесе бир нече триллион долларлык байлык жатат.

Эгер макамы “көл” деп чечилсе, жээгиндеги беш өлкө аны теңме-тең бөлүп алышмак.

“Деңиз” деп чечилсе, ар бир өлкө суу жээктей созулган чек арасынын узундугуна жараша аянт алмак. Бул Улуттар Уюмунун деңиз укугу боюнча документинде бекитилген.

Каспийдеги Казакстандын Кашаган мунай кени
Каспийдеги Казакстандын Кашаган мунай кени

12-августта жээктеги Орусия, Казакстан, Түркмөнстан, Иран жана Азербайжандын президенттери саммитке чогулуп, мунасага келди. Атайын конвенцияга кол коюшту.

Бирок Каспий Улуттар Уюмунун деңиз эрежеси менен да, көл принциби менен да бөлүнбөй, өзгөчө укуктук статуска ээ болду.

Ага ылайык, суу түбүндөгү жер деңиз эрежеси, ал эми суунун өзү көл эрежеси менен бөлүнмөй болду. Бул иштин жолу гана, бөлүштүрүү иштери али алдыда. Муну Ирандын лидери баса белгиледи.

Ушуга жетишүү да татаал иш болгонун саммитти өткөрүп жаткан Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев моюнга алды:

- Каспий деңизинин статусу боюнча мунасага жетүү оңой жана дароо болгон жок. Сүйлөшүүлөр жыйырма жылдан узак жүрдү. Баарыбыз аз эмес аракет жасадык. Ошол эле маалда бул оор маселени талкуулоо коңшулук жана өнөктөштүк духунда жүрдү.

Президенттер үчүн башкы маселе чек араларды тактап алуу болгону айкын. Анткени ал, ар бир өлкөнүн сууну кенен колдонуусуна жол ачмак. Маселен, Түркмөнстан Каспийдин түбү аркылуу Азербайжанга, андан ары Европага өтчү газ куурун кура албай келген. Суудагы чек ара такталбагандыктан буга Орусия менен Иран каршы чыккан.

Каспийдеги Түркмөнбашы порту
Каспийдеги Түркмөнбашы порту

Эми так бөлүштүрүлгөндөн кийин экономика, карым-катыш жана башка максаттар үчүн кенен иштетүү пландарынан бөлүштү. Орусия президенти Владимир Путин күн мурунтан иштелип чыккан стратегиясын ачыкка чыгарды:

- Орусияда Каспий бассейниндеги деңиз портторун 2030-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынып, иштеп жатат. Анда Каспийдеги коммуникацияларды комплекстүү жаңылоо жагы аныкталган. Анын ичинде 2025-жылга чейин Каспий аймагында 15-25 миң тонналык жүгү бар кемелерди кабыл ала ала турган жаңы порт куруу каралган. Орусиялык портторду глобалдык жана евразиялык транспорттук-логистикалык чынжырга кошууга умтулуп атабыз. Жүк жана жүргүнчү ташууда атаандаштыкка туруктуулукту жогорулатып, жүктөрдү тейлөөнү эселеп көбөйтсөк дейбиз.

Каспийдин экономикадан тышкары стратегиялык да мааниси зор. Конвенцияда Каспийдин акваториясындагылардан башка өлкөлөргө бу деңизге аскерлерин жайгаштырууга тыюу салынган.

Бул өз кезегинде Орусия менен Иранга атаандаш Батыштын Каспийдеги башка өлкөлөр менен жакындашуусуна бөгөт да болмокчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG