Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:25

Пентагон Путиндин сөзүнөн күмөн санады


Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясынын картасы.
Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясынын картасы.

Орус президенти Владимир Путин өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топ Сириянын АКШ колдогон күчтөрү көзөмөлдөгөн аймагында 700дөй кишини барымтага алганын билдирди. Бул маалыматты Пентагон ырастаган жок.

Сочиде 18-октябрда өткөн "Валдай" клубунун жыйынында Путин барымтадагылардын арасында бир нече америкалык жана европалык жарандар да бар экенин айткан.

Ал ошондой эле АКШнын колдоосуна ээ болгон "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" карамагындагы Евфрат дарыясынын сол жээгиндеги аймакта "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери күч топтоп жатканын кошумчалады.

Путин согушкерлер өз шарттарын коюп, эгер аткарылбаса күндө ондон адамды жок кылышарын эскерткенин айтты.

Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги 17-октябрда атын атабаган дипломатиялык булактарына таянып, согушкерлер 13-октябрда Дейр-аз-Зор провинциясындагы качкындар лагериндегилерди барымтага алганын жазды.

АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шон Роберстон алардын бул тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

"Биз өткөн аптада Дейр-эз-Зордон алыс эмес жердеги качкындар лагерине кол салуу болгонун ырастаганыбыз менен, Путин айтып жаткан барымтага алынган адамдар тууралуу маалыматыбыз жок. Анын сөздөрү күмөн жаратат", - деген Шон Робертсон ал лагерде америкалык жарандар болбогонун ырастады.

XS
SM
MD
LG