Орусиянын Улуттук гвардиясынын башчысы Виктор Золотов оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын теледебатка чыгуу тууралуу сунушунан баш тартты. 19-октябрда Золотов журналисттерге Москвадан билдиргендей, ал Навальныйды дебатка эмес, спорттук таймашка чакырганын айтты.
“Шайлоочулардын көтөрүлүшү” акциясын уюштурганы, митинг өткөрүү тартибин бузганы үчүн 50 күн абакта отуруп чыккан Навальный 18-октябрда видео жарыялап, анда Золотовдун буга чейинки эрөөлгө чакыруусун кабыл алганын айтып, анын ордуна теледебатка чыгууну сунуш кылган.
Навальный абакта отурган кезде, бир нече апта мурда Золотов Навальныйды эрөөлгө чакырган.
- Мен сизди беттешке чакырам. Рингби, кайда болбосун, - деген генерал Виктор Золотов Навальныйды “бир нече мүнөттө эле жанчып салам” деп айткан.
Генералдын бул «эрөөлгө чакырган» видеосу Навальныйга жана ал негиздеген Коррупция менен күрөшүү фондунун иликтөөсүнө каршы реакция болгон. Анда оппозиционер Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерге бөлүнчү тамак-ашка жана башка керектүү оокаттарга сарптаган каражатындагы коррупциянын бетин ачкан.
64 жаштагы Золотов узак жылдар бою президент Путиндин күзөт кызматын жетектеген. Ал президенттин жакын адамдарынын бири болуп саналат.