Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Баткен: ит талаган өспүрүмдөн кутурма табылган жок


Баткендеги иттер. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткендеги иттер. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, 12-октябрда Баткен районунун Ак-Турпак айылында үч ит талап ооруканага түшкөн сегиз жаштагы баланын абалы жакшы.

Толук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, андан эч кандай кутурманын белгилери аныкталган жок. Ал эми ветеринардык дарыгердин айтымында, баланы талаган үч иттин бирөө атылган. Атылган ит буга чейин эмделген. Калган эки иттен кутурманын белгиси байкалган жок. (JsA)

XS
SM
MD
LG