Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Норвегияда тыңчылык боюнча шек саналган орусиялык бошотулду


Эркиндикке чыккан Михаил Бочкарев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 19-октябрь, 2018-жыл.
Эркиндикке чыккан Михаил Бочкарев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 19-октябрь, 2018-жыл.

Норвегияда "чалгынга ылайык маалыматтарды топтоп жүргөн" деген шек менен сентябрда кармалган орусиялык Михаил Бочкарев сот чечими менен бошотулду. Анын эркиндикке чыкканын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ырастады.

Аталган кеңештин сайтынын 51 жаштагы администратору 21-сентябрда Осло аэропортунда кармалган. Ал Норвегия парламенти өткөргөн санариптик маалыматтар боюнча жыйынга катышкандан кийин өлкөдөн учуп кетүүгө камынып жаткан.

Орусия жаранынын жыйындагы жүрүп-турушунан атайын кызматтар шек алып калышкан. Аны "мыйзамсыз чалгын иштерин жүргүзгөн" деп шектенип камакка алышкан. Бейшембиде Осло соту Бочкаревдун камактагы мөөнөтүн узартпоону чечти.

Мурдараак Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Бочкаревдун кармалышы боюнча нааразылык билдирген.

XS
SM
MD
LG