Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Эл аралык валюта фонду Украина менен 4 млрд. долларлык программаны жактырды


Эл аралык валюта фондунун жетекчиси Кристин Лагард
Эл аралык валюта фондунун жетекчиси Кристин Лагард

Эл аралык валюта фонду украин бийлиги менен экономиканы колдоо боюнча жаңы программаны жактырды.

Программа Украина газдын баасын 25 пайызга көбөйтүү чечимин кабыл алгандан кийин жактырылган. Жаңы тарифтер 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман 19-октябрда билдирди. Экономисттердин айтымында, газдын баасы СССР мезгилинен бери эле төмөн болуп, ысырапкорчулукка жана натыйжасыз пайдаланууга алып келген.

Эл аралык фонд Украинага жардам берүүнү 2017-жылы реформалар жайлап калганда токтотуп койгон. Гройсмандын айтымында, эгер Украина Эл аралык валюта фондунун шарттарын аткарбаса, өлкө экономикасы дефолтко учурашы ыктымал.

Жаңы программанын көлөмү 3,9 миллиард долларды түздү. Бул программа инфляциянын төмөндөтүшүнө, салык, каржы жана энергетика секторлорун реформалоого багытталат.

XS
SM
MD
LG