Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Бүгүн Ооганстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Ооган президенти Ашраф Ганинин добуш берип жаткан учуру. 20-октябрь 2018-жыл.
Ооган президенти Ашраф Ганинин добуш берип жаткан учуру. 20-октябрь 2018-жыл.

Ооганстандын парламентинин төмөнкү палатасындагы 249 орунга 2565 талапкер ат салышууда. Алардын 400дөн ашууну аялдар.

Өлкөнүн добуш берүүгө укуктуу делген 12 миллион калкынын 9 миллионго жакыны каттоодон өткөн. Каттоодон өткөндөрдүн 34% аялдар.

Добуштардын бурмаланышына жол бербөө максатында бул ирет шайлоо бекеттеринде биометрикалык жабдуулар колдонулуп жатат. Ооганстан боюнча 19 миңдей шайлоо бекети ачылып, аларда шайлоо комиссияларынын 125 миңдей өкүлү катышууда.

Ооганстанда түштүгүндөгү Кандагар провинциясында таасирлүү полиция башчысынын киши колдуу болгонунан улам шайлоо бир аптага жылган.

Саясий өнөктүктү утурлай “Талибан” шайлоочуларды коркутууну максат кылган кол салууларын күчөтүп жаткан чакта, президент Ашраф Гани элди добуш берүүгө жигердүү катышууга чакырууда.

Бул 2001-жылы "Талибан" бийликтен кулатылгандан кийинки үчүнчү шайлоо.

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Ооганстандагы шайлоого байланыштуу чек аралардагы көзөмөл күчөй турганын билдирген. (KR)

XS
SM
MD
LG