Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Польшада аймактык шайлоо өтүп жатат


Баласы менен бирге добуш берүүгө келген жаран. 25-октябрь, 2015-жыл. Варшава.
Баласы менен бирге добуш берүүгө келген жаран. 25-октябрь, 2015-жыл. Варшава.

21-октябрда Польшада шаардык, айылдык кеңештердин депутаттарын, мэрлерди жана район башчыларын шайлоо өтүп жатат. Өлкөнүн 37 миллиондой калкынын 30 миллионго жакыны добуш берүүгө укуктуу.

Алдын ала сурамжылоолорго караганда бийликтеги консервативдик көз караштагы "Укук жана адилеттик" партиясы алдыга оозуп чыкты. Ал эми андан кийинки сапта "Жарандык платформа" партиясы келатат.

"Жарандык платформа" партиясы демократиялык, европачыл деп саналса, бийликтеги "Укук жана адилеттик" партиясы улутчул жана консервативдүү деп эсептелет. Дал ушул партия жарыялаган сот реформасы быйыл жайында өлкөнүн ичинде да, тышында да каршылыктарды жараткан.

Талапкерлердин бири да добуштардын 50% ашыгын топтой албаган аймактарда шайлоонун экинчи айлампасы 4-ноябрда өтөт.

Талдоочулардын айтымында, бул шайлоо партиялар үчүн 2019-жылы өтө турган парламенттик шайлоонун алдындагы чоң сыноо катары каралып жатат.

XS
SM
MD
LG