Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов жол кырсыгына кабылды


Нодирбек Каримов.
Нодирбек Каримов.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Нодирбек Каримов жол кырсыгына кабылып, 69 жаштагы апасы каза болду.

Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады.

Маалыматка караганда, кырсык Жайыл районунда, Бишкек-Ош жолунун 205-чакырымында болгон.

Депутат өзү айдап бараткан машине оодарылып кеткен. Каримов Токтогулдагы ооруканага жаткырылды. Анын абалы тууралуу маалымат айтыла элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG