Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Жогорку Кеңеште мектептердин абалы талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин имараттарынын курулушун талкуулайт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымат берет.

Буга чейин Булан институту мектептердин курулушу жана коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анда айтылгандай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 193 мектеп авариялык абалда, иш жүзүндө кооптуу абалда турган мектеп имараттары кыйла көп.

Баяндамада соңку беш жылда 261 жаңы мектеп курулганы белгиленген. Анткен менен 60 пайызга жакын имарат өткөн кылымдын 80-жылдарына чейин курулгандыктан азыр начар абалда. Эгемендик жылдары ашар жолу менен салынган мектептер техникалык жактан курулуш стандарттарына туура келбей, кооптуу жагдайда иштеп жатат.

Республика боюнча 2262 мектеп бар. Кыргыз өкмөтү мамлекет 600дөй жаңы мектепке муктаж экенин белгилейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG