Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму өтөт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму уюштурулуп, ага 40тай өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Борбор Азия университети тараткан маалыматка караганда, ага ушул тармакта иштеген 300дөн ашуун эксперттер, расмий өкүлдөр келет. Форум 23-26-октябрь күндөрү өтөт.

Форумда өзгөчө Кыргызстандын жана Борбор Азиянын тоолуу аймактарынын абалы, экологиянын, климаттын өзгөрүшү, суу, бийик тоолуу аймактарга инвестиция тартуу, жакырчылык өңдүү бир катар маселелер талкууланат.

22-октябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде Борбор Азия, Латын Америка, Африка, Европа аймактарынан келген жаштардын тоо форуму башталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG