Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:33

"Кыргызаэронавигация" башчысынын орун басарынын өлүмүнө шектүүлөр кармалды


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Нурлан Кайназаров "Азаттыкка" билдиргендей, окуяга шектүү эки киши кармалды:

- Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси ("Ден соолукка атайлап оор жаракат келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, шектүү эки адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маматназар Жакыпбеков 21-октябрда Бишкекте айдоочулардын жаңжалынан каза болгон. Милициянын маалыматына караганда, анын машинеси дагы бир автоунаа менен кагылышып, айдоочулар уруша кетишкен. Жакыпбаев башы менен жерге катуу тийип, алган жараатынан улам ошол жерде каза тапкан. Экспертиза дайындалып, иликтөө уланып жатканы маалымдалды. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG