Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:09

Кыргызстанда соттук-медициналык эксперттер жетишпейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соттук-медициналык эксперттер жана дарыгерлер жетишсиз. Бул тууралуу 22-октябрда Бишкекте өткөн “Кыргызстандагы соттук-медициналык экспертизанын келечеги тууралуу диалог” деген форумда айтылды.

Маалыматка караганда, учурда 195 эксперт-дарыгердин орду бар. Бирок азыр бул тармакта 95 адис гана иштеп жатат. Өлкөдө соттук-медициналык иликтөө жүргүзгөн төрт гана лаборатория иштейт. Айрыкча Баткен жана Нарын облустарында соттук-медициналык эксперттер тартыш.

Жыйында 48 өлүккананын 18и гана ооруканадан бөлөк имараттарда орун алганы, калганы бейтапканалардын ичинде жайгашып, анын айынан экспертиза жүргүзүү кыйынчылыкка учурап жатканы айтылды.

Мындан тышкары соттук-психиатриялык талдоо жүргүзгөн адистер да жетишсиз экени белгилүү болду. Расмий маалыматка караганда, азыр республикада бул багытта тогуз гана дарыгер иштеп келет.

Кыргызстанда жыл сайын 3 миңден ашуун соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлүшү керек. (BCh)

XS
SM
MD
LG