Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Финполиция Момбековдун Бакыт Шаршембиев боюнча айткандарын четке какты


Бакыт Шаршембиев.
Бакыт Шаршембиев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин бир нече кылмыш иштерине аралашканы тууралуу айтканын четке какты.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта коомго айтылган маалымат чындыкка дал келбей турганы белгиленген.

"Финполдун тергөө башкармалыгынын иш өндүрүшүндө бир катар кылмыш иштери турат, алар боюнча Бакыт Шаршембиев күбө. Бирок эч кандай фигурант эмес. Буга байланыштуу анын өзүнө карата түздөн-түз козголгон кылмыш иши жок экенин билдиребиз" деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында “Коопсуз шаар” долбоору үчүн жооптуу ишкананы башкарган Бакыт Шаршембиев тогуз кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып чыккан. Шаршембиев бул айтылгандарды четке каккан.

Кыргыз өкмөтү жолдогу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүүгө убада берип келатканына 5-6 жыл болуп калды. Аны ишке ашыра турган инвесторду тандоо боюнча 6-7 жолу сынак өткөрүлүп, баары тең үзгүлтүккө учурады. (NT)

XS
SM
MD
LG