Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчылары азайтылды" деген маалыматты төгүндөдү. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдиргендей, азыркы кезде экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин күзөтчүлөрүнүн саны бирдей:
- Бул маалымат туура эмес. Жакын арада экс-президенттин жансакчылары азайтылган жок. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөөрдө экс-президенттин күзөтчүлөрү бир аз кемиген. Учурда Атамбаевдин да, Отунбаеванын да жансакчылары бирдей жана жетиштүү.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты бир топ кыскартылганын буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" ырастаган. УКМК да, КСДП да экс-президентти канча күзөтчү кайтараарын так айтышкан жок. (NT)