Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Бишкекте илбирсти коргоого арналган декада башталды


Илбирс.
Илбирс.

Бишкекте бүгүн, 22-октябрдан тартып илбирсти коргоо боюнча декада башталды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги билдиргендей, иш-чара 23-октябрь - Илбирсти коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жатат. Декада 30-октябрда аяктайт.

Бишкек декларациясына ылайык, жыл сайын 23-октябрда жаныбардын бул түрү байырлаган он эки мамлекет Эл аралык илбирс күнүн белгилеп, жаныбарды коргоо тууралуу талкууларды уюштуруп келет.

Анын жүрүшүндө Бишкекте сүрөт жана инсталляция көргөзмөлөрү, илбирстер тууралуу роликтер, алар тартылган видеолор көрсөтүлөт. Фольклордук концерт, экологор жана студенттердин катышуусунда флэшмоб өтүп, Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде даярдалып, адам менен жаратылыштын мамилесин чагылдырган спектакль тартууланат.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунда жергиликтүү эл менен жолугушуулар болуп, мектеп окуучуларына илбирсти коргоо жана жаратылышка аяр мамиле кылуу жөнүндө лекциялар окулат.

Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган. (NT)

XS
SM
MD
LG