Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын бюджетин колдоо багытында 24 миллион доллар бөлөт.
Бул тууралуу финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков 22-октябрда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы бөлө турган каражаттын 12 миллион доллары грант, ал эми калган бөлүгү жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт жана 0,75 үстөк пайызы менен берилүүдө. (КЕ)